Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 18 миллион сомдон ашуун суммада зыян келтирген
RU

Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 18 миллион сомдон ашуун суммада зыян келтирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзгөн учурда Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен тез жардам кызматына автоунаалар мыйзам бузуу менен сатып алынгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 21-сентябрына карата "Коопсуз шаар" долбоору боюнча келишимдер жок болгондугуна карабастан, Саламаттык сактоо министрлиги аталган долбоордун келишимдердин алкагында деп 66 даана тез жардам автоунааларын ар бирин 2 924 267 сомдон сатып алуу жөнүндөгү негизсиз протоколдук чечим кабыл алган.

2020-жылдын 21-октябрында Саламаттык сактоо министрлиги "В" ЖЧКсы менен "Газель Соболь 4х4" үлгүсүндөгү 66 даана тез жардам автоунааларын сатып алуу үчүн 193 001 222 сомго (ар бири 2 924 267 сом) келишим түзгөн.

Ошону менен бирге, автоунаалар Россия мамлекетинде чыгарылганын, ал жакта орус акчасы "рубль" колдонулганын эске албастан, аталган келишимде 66 даана автоунаалардын жалпы баасы 2 504 898 АКШ доллары (ар бири 37 953 АКШ доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн жана АКШ доллардын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес 2020-жылдын 8-августундагы кыргыз сомуна карата негизсиз алынгандыгына байланыштуу ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго жогорулаган.

Натыйжада, Саламаттык сактоо министрлиги келишимдин шартына ылайык "В" ЖЧКсы автоунааларды өз убагында камсыз кылбагандыгына байланыштуу 3 465 151 сом туумду кармап калып, 189 536 470 сом которгондун ордуна АКШ долларынын курсу менен 208 513 151 сом которуп, мамлекетке 18 976 681 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Ошондуктан, жогорудагы жагдайларды толук жана ар тараптуу изилдөө максатында чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1086