Камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү жөнүндө долбоор артка кайтарылды
RU

Камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү жөнүндө долбоор артка кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана коммерция министрлиги үйүн камсыздандырбаган жарандардын жарыгын өчүрүүнү сунуштаган токтом долбоорун чакыртып алды.

Белгилей кетсек, аталган министрлик кыргызстандыктарды үйүн камсыздандырууга шыктандыруу үчүн ушундай сунуш берген.

Мындан улам токтом долбоору соцтармакта катуу сынга кабылып, коомчулуктун бир бөлүгү демилгени жактырган эмес.

Буга ылайык, документ толуктап кайра иштеп чыгуу үчүн чакыртып алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10881