Тенгиз Бөлтүрүктүн аялы ачкачылык жарыялаганын билдирди
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн аялы ачкачылык жарыялаганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин мурунку башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу Алпысбаева Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал ачкачылык акциясын жолдошун үй камагына чыгарбай, дарылануусуна шарт түзүлбөй жатканы менен байланыштырды.

Эске салсак,10-мартта УКМКнын СИЗОсунда жаткан Бөлтүрүккө Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери айыпталуучу менен жолугушуп, Тенгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке каккан. Ал эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирген.

Башкы прокуратура аны былтыр 13-сентябрда "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камаган. Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10886