Кербенде чатыры өрттөнүп кеткен ооруканага 6 млн сом бөлүндү
RU

Кербенде чатыры өрттөнүп кеткен ооруканага 6 млн сом бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда өрт чыккан Аксы жалпы дарыгердик практика борборунун чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын жетекчиси өрт чыккан корпуска барышып, имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты. Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөт учурундагы аялдар менен баарлашты.

Аксы жалпы дарыгердик практика борборунун директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыр толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Министр оңдоо иштерин жеке көзөмөлгө алып, тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоону тапшырды. Ошондой эле бардык жардамдарды көрсөтүүнү убадалаган райондун акими Замирбек Сыдыковго чоң ыраазычылыгын билдирди.

Белгилесек, 13-мартта Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда өрт чыккан. Анда жалпысынан 134 бейтап эвакуацияланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10905