Кербендеги оорукандан 6 ымыркай Жалал-Абадга которулду
RU

Кербендеги оорукандан 6 ымыркай Жалал-Абадга которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-мартта Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда өрт чыккан. Анда жалпысынан 134 бейтап эвакуацияланган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун маалыматы боюнча, оорукананын бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.

"Бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн дартына ылайык дарыланууну улантып жатышат. Өрттөн жабыркагандар жок. Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду", - дейт Байдавлетов.

Өрттүү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 11:23тө толук өчүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10887