Тенгиз Бөлтүрүктүн аялынын ачкачылык жарыялашы боюнча президент: Түрмөдө чирители дебейбиз
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн аялынын ачкачылык жарыялашы боюнча президент: Түрмөдө чирители дебейбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кыскача маек берип, Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайынын ачкачылык жарыялаганы жана ККМге байланышкан суроолорго жооп берди.

Белгилесек, Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачарчылык жарыялап, бул кадамын жолдошунун күнөөсү жоктугуна көңүл бурдуруу максаты менен түшүндүргөн. Ошондой эле жолдошунун эч кандай айыбы жок экенин белгилеген.

"Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот.

Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор.

"Кумтөрдү" иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Тенгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: "Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште", деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду.

Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун.

"Бир топ сумма кайтарылды" деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10912