Парламент Абировдун кол тийбестик мандатын алып салууну жабык эшик артында карап жатат
RU

Парламент Абировдун кол тийбестик мандатын алып салууну жабык эшик артында карап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети депутат Жаныбек Абировду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап жатат.

Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.

Эске салсак, 11-март күнү кечинде Абиров Жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган.

Жабырлануучу жабык баш мээ жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10921