Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартуу үчүн Парламенттен макулдук сурады
RU

Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартуу үчүн Парламенттен макулдук сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунуш киргизди.

Депутатка кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн парламенттин макулдугу керек.

Эске салсак, жекшембиге караган түнү Абиров Жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган.

Жабырлануучу жабык баш мээ жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10910