Жогорку Кеңеш Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды
RU

Жогорку Кеңеш Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору кайрадан Жогорку Кеңеште каралды.

Анда Жогорку Кеңеш Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун карабай, күн тартибинен алып салды.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы эместигин айтып, бирок, ошол эле учурда азыркы концепция кооптуу экенин билдиришти.

Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы Чолпонбек Абыкеев азыр концепцияны колдоп берүүнү суранды. Ал экинчи окууга чейин депутаттар менен биргеликтер өзгөртүү киргизерилерин белгиледи.

Бул арада эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев сунушталып жаткан долбоордун эч нерсеси өзгөрбөгөнүн айтып, күн тартибинен алып салуу керектигин айтты.

Дагы бир депутат Чыңгыз Айдарбеков сапаттуу долбоор болушу үчүн жумушчу топ түзүп, анан концепцияны алып келиш керек деген оюн кошумчалады.

"Азыр кабыл алып туруп, анан экинчи окууда карап көрөлү деп жатасыздар. Бирок анысы чийки деп көп сын-пикирлер айтылды. Андыктан өзүбүздү сыйлайлы да, оңдоп келишкенден кийин карайлы", - деди Айдарбеков.

Ал эми Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоору артка кайтарылгандан бери тогуз ай өткөнүн, бирок эч нерсесин өзгөртпөй кайра алып келишкенин сынга алды.

А спикер Нурлан Шакиев концепцияны колдоп берүүгө чакырып, эгер экинчи окууда депутаттардын сунушу эске алынбаса, четке кагарын билдирди.

Бир топ убактан кийин долбоорду өзгөртүп алып келүүнү белгилешип, бүгүнкү күн тартибинен алып салышты.

Эске салсак, "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун былтыр Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Депутаттар курултайдын делегаттарына ашыкча укук берилет деп каршы чыгышкан.

Буга ылайык, президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, курултай өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү республиканын бардык аймагынан делегаттар чогулуп, Бишкекте биринчи элдик курултай өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10931