Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировдун маселесине байланыштуу комиссия түздү. Курамы
RU

Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировдун маселесине байланыштуу комиссия түздү. Курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-мартта Башкы прокурордун сунушу менен Жаныбек Абировду кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча комиссия түзүштү.

Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, комитет мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен комиссия түзүү чечимине келишкен.

Ошол эле учурда анын айтымында, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзбөөнү сунуштаган.

Парламенттик добуш берүүнүн жыйынтыгында комиссиянын курамы төмөнкүчө бекиди:

  • Замирбек Мамасадыков ("Ыйман нуру");
  • Дастан Бекешев (бир мандаттуу депутаттардын атынан);
  • Айгүл Айдарова ("Бүтүн Кыргызстан");
  • Бахридин Шабазов ("Ишеним");
  • Медербек Саккараев ("Ата-Журт Кыргызстан");
  • Жусупбек Коргонбай уулу ("Мекенчил" депутаттык тобу);
  • Фархад Алимжанов ("Альянс");
  • Мурадил Сыдыков ("Ынтымак");
  • Бактыбек Чойбеков ("Элдик" депутаттык тобу).

Эске салсак, 11-март күнү кечинде Абиров Жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган.

Жабырлануучу жабык баш мээ жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10924