Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт
RU

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Дүйшөмбүдө,10-16-марттын аралыгында өткөн эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Протоколдор жана анын мазмуну боюнча маалымат жазылган эмес.

Кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылганын айтылды.

Эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10955