Айып пул көбөйгөндөн бери жол эрежесин бузуу 12%га кыскарды
RU

Айып пул көбөйгөндөн бери жол эрежесин бузуу 12%га кыскарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол коопсуздугу боюнча жаңы эрежелер киргенден бери жол кырсыгынын саны 12 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Белгилей кетсек, 8-марттан баштап эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирген.

"Мыйзамга кошумча өзгөртүүлөр киргенден бери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку ылдамдык менен айдоо, карама-каршы тилкеге чыгуу, унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо, жол чырагынын кызыл түсүнөн өтүп кетүү азайды. Буга ылайык, 8-марттан ушул күнгө чейинки көрсөткүч боюнча жол кырсыктарынын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 12 пайызга кыскарды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10976