Алимент төлөбөй жүргөн киши 2 жылдан кийин өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билген
RU

Алимент төлөбөй жүргөн киши 2 жылдан кийин өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунун тургуну 2 жыл мурда "Адилет" укук коргоо уюмуна кайрылып, алимент төлөөгө жардам берүү өтүнүчүн келтирген. Бирок мурунку күйөөсү 2 жылдан кийин алимент төлөөгө макул болгон.

Аталган уюмдан билдиришкендей, А.М. күйөөсү менен алты ай гана жашап, ажырашып кетишкен. Алардын никеси расмий катталган эмес. Азыр баласы 2,5 жашта. Аялдын кызыкчылыгын жактоочу Элдор Бакиров коргогон. Биринчи кезекте алар аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылышкан.

2021-жылы октябрда сот келиндин пайдасына чечим чыгарган. Бирок айыпталуучу сотко катышпай жүргөндүгүнө байланыштуу ага издөө жарыяланып, Кыргызстандын аймагынан чыкпоо тууралуу чектөө коюлган.

"Соттун чечимин аткаруу сот аткаруучуларга берилген. Тилекке каршы, сот аткаруучулар мыйзамга ылайык чараларды көргөн эмес. Ошентип келин алимент өндүрө албай, жактоочусу менен прокуратурага кайрылган. Көзөмөл органы аткаруу мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы үчүн сот аткаруучуларга чара көрүү үчүн көзөмөл органы тарабынан Сот департаментине сунуштаган", - деп билдиришти укук коргоочулар.

Андан кийин келин ата-энеси жана баласы менен Россияга иштегени кеткен.

"Эки жылдан кийин алиментти унутуп калганда жактоочуга сот аткаруучулар телефон чалып, карызкор ага болгон алименттин суммасын – 73 000 сомду которуп берүүнү каалап жатканын айтышкан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал киши Россияга иштегенге барарда өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билген. Ал өз ыктыяры менен сот аткаруучуларга чыгып, андан бул чектөөнү алып салуунун жол-жобосун тактаган. Андан кийин алиментти төлөп берүүгө макул болгон", - деп айтылат укук коргоо уюмунун маалыматында.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10977