Оштогу 3 жашар баланын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар айтылды
RU

Оштогу 3 жашар баланын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 3 жашар баланын өлүмү катталып, өлүмдүн себеби айтылбай жатканы кабарланган. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова бөбөктүн чарчап калганы боюнча айрым жагдайларды жазып чыкты. Анда 3 жашар бала кудукка түшүп кеткен дешкен жакындары.

"Туугандары милицияга кабарлашкан эмес, "Тез жардам" менен ооруканага алып барышкан, дарыгерлер эмнегедир каттабай, милицияга билдиришкен эмес. Бала эки сааттан кийин жерге берилген. Бирок эртеси баланын таякеси Москвадагы күйөө баласына чалып, баласын өлтүргөнүн, аны эч нерсе кыла албай турганын, мас абалында болгонун айткан. Азыр туугандары баланын сөөгүн эксгумацияга беришпей жатат, эмнеге кыйнайбыз дешип... Эмне үчүн туугандары же дарыгерлер дароо милицияга кабарлашкан эмес? деген суроо туулат", - дейт Назгүл Турдубекова.

Укук коргоочу бул окуяны адам өлтүрүү деп болжолдоодо.

Эске салсак, 20-март күнү Жапалак айылында үч жашар наристе чарчап калганы, жакындары өлүмдүн себептерин жашырып жатканы маалымдалган. Туугандары өздөрү тез арада баланы көмүп салышкан, бирок бул факты боюнча милицияга билдиришкен эмес. Баланын атасы Москвада, апасы туугандарыныкында болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10979