Министр Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин кармалышы боюнча үн катты
RU

Министр Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин кармалышы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акча талап кылган фактылар боюнча даттануулар түшүп жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт", - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында министр төмөнкүдөй тапшырмаларды койду:

  • саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине 3 айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана бейтаптар менен саламаттыкты сактоо уюмдарынын ортосунда накталай төлөмдөрдү жүгүртүүнү жокко чыгаруу;
  • жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгууну жана санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатына канааттанууну жогорулатуу;
  • бейтаптарды ташуудагы коррупциялык компоненттерге, негизсиз анализдерди дайындоого басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10983