Айдоочулар инспекторго акча сунуштап, коррупцияга себепкер болсо жоопко тартылат
RU

Айдоочулар инспекторго акча сунуштап, коррупцияга себепкер болсо жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишти.

Белгиленгендей, өздүк курамдын ичиндеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу, кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз катуу жүргүзүлүүдө.

"Жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен кутулуу максатында кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз", - дешет башкармалыктан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11013