Таласта окуучу кыз зордукталып, шектүү катары айылдашы кармалды
RU

Таласта окуучу кыз зордукталып, шектүү катары айылдашы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунда 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталды. Облустук ички иштер министрлигинен Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, окуя январь айында болгон.

Жабырлануучу тарап милицияга 16-мартта кайрылган. Тагыраагы, Талас районунун Арал айылынын 1958-жылы туулган Н.С. аттуу тургуну​ арыз менен кайрылган. Ал 27-январда саат 14:00 чамасында 2009-жылы туулган небересин Б. аттуу бала унаасына салып, ​күч колдонуп эркине каршы зордуктап, жыныстык катнашта болгонун билдирген. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" фактысы менен ​катталып, кылмыш иши козголгон.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү Арал айылынын ​тургуну, 2001-жылы туулган Т. ​уулу Б. экени аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11017