13 жашында кордолгон кыздын иши. Соттун чечимине байланыштуу митинг өтөт
RU

13 жашында кордолгон кыздын иши. Соттун чечимине байланыштуу митинг өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-мартта саат 10:00дө Эски аянттагы Жогорку Соттун имаратынын алдында 13 жашында зордукталган кыздын жакындары митингге чыгышат.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Сот 13 жаштагы секелекти зордуктоо боюнча төртүнчү айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 22-мартта Жогорку Сотто эки милиционердин өкүмү боюнча жабыркаган тараптын даттануусу каралат.

Жабыркаган тарап акыйкат өкүм чыгарууну талап кылуу ниетинде.

13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 8-июлунда сотто карала баштаган. Кылмыш ошол жылдын февраль айында жасалган.

Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү – официанттын ишин караган. Сот аларды 10 жана 15 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Бишкек шаардык сот айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11016