Пакистанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Жүздөн ашуун жабырлануучу бар
RU

Пакистанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Жүздөн ашуун жабырлануучу бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-мартка караган түнү очогу Афганстанда болгон жер титирөө учурунда Пакистанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Dawn маалымат порталы жазып чыкты.

Хайбер-Пахтунхвадагы табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын 21-марттагы билдирүүсүндө чатырлар, дубалдар жана үйлөр урап, эки киши каза болуп, дагы алты киши жаракат алган. Облуста онго жакын үй жарым-жартылай жабыркаганы айтылат.

"Анткен менен Сват районунун полиция кызматкери Шафиулла Гандапур эки адам каза болуп, 150 киши жарадар болгонун билдирди. Ал кошумчалагандай, алар Саиду атындагы окуу ооруканасына жөнөтүгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, кеминде 30 секундага созулган катуу жер титирөө Пакистандын көп аймактарында сезилген.

"Эл үйлөрүнөн чуркап чыгып, куран окуп жатышты", - дешет окуяга күбө болгондор.

Жердин термелүүсү Пакистандын Исламабад, Пешавар, Лахор, Равалпинди, Кветта, Кохат, Лакки Марват, Дера Исмаил Хан, Түштүк Вазиристан жана башка аймактарында да сезилгени белгиленди.

Премьер-министр Шахбаз Шариф Табигый кырсыктарды башкаруу улуттук башкармалыгына жана башка мекемелерге ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга буйрук берди.

Эске салсак, Нидерландиялык сейсмолог Фрэнк Хоугербитс Пакистанда 2023-жылдын март айында күчтүү жер титирөөлөрдү болжолдогон. Түрк сейсмологдору дагы чоң баллдагы жердин титирөө мүмкүнчүлүгү жогору экендигин бир нече жолу айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11049