Түркиядагы жер титирөө алдындагы көрүнүштү сейсмологдор түшүндүрүштү
RU

Түркиядагы жер титирөө алдындагы көрүнүштү сейсмологдор түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркия менен Сириянын чек арасындагы аймакта 20-февралда дагы жер титиреди. Анда табигый кырсык катталардан мурда асмандан түстөр көрүнгөн. Аны жергиликтүү жашоочулар видеого да тартып алышкан.

"Дамаск университетинин сейсмикалык изилдөөлөр жогорку институтунун директору Хала Хасандын айтымында, буга эч кандай түшүндүрмө жок. Ошол эле учурда ал жер титирөө катталар алдында атмосферанын электр жана магниттик талааларында өзгөрүү болгонун белгиледи",- деп жазат эл аралык басылмалар.

Сирия менен Түркиянын жашоочулары жер титирөөгө чейин асмандан байкаган көк жарык азыраак изилденген көрүнүш. Бирок аны сейрек деп айтууга болбойт. Түрк сейсмологдордон айырмаланып, бул "жаратылыш кубулушуна" Россия илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын директору, техника илимдеринин доктору Юрий Виноградов аныктама берди.

"Биринчи жер титирөөдө пайда болгон жарык пьезоэлектрдик эффект менен байланыштуу. Жер титирөө учурунда көптөгөн геофизикалык талаалар козголот, негизинен электромагниттик",-деди ал.

"Бул репетиция болчу"

Эл аралык сейсмологдор менен катар түрк сейсмологдору алдыда дагы Стамбулда жер титирөөнүн болорун болжолдоп жатышат. Алар Түркия менен Сирияда катталган бир нече жолку жер титирөөлөр "алдын ала даярдык" гана болушу мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

6-февралдагы Түркия менен Сириянын чектеш аймагында жер титирөөлөр болорун алдын ала айткан түркиялык белгилүү сейсмолог Нажи Гөрүр( Naci Görür) Кипрде жана Түркиянын Бингөл, Адана провинциясында катуу жер титирөөлөр катталуу коркунучу жогору экенин айтты.

"Хатай алдындагы магниттер күчүн сарптады. Эми Стамбулга кезек келиши мүмкүн. Убакыт азайып баратат. Эгер даяр болбосок, бул өлкөбүз үчүн кыйроо болот!", -деген ал.

2022-жылдын апрель айында түрк сейсмологу, Түркия илимдер академиясынын мүчөсү, профессор Нажи Гөрүр( Naci Görür) 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн очогун бир нече чакырым тактык менен алдын ала айткан.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10428