Улуу Британия Бишкекте виза алуу борборун ачышы мүмкүн
RU

Улуу Британия Бишкекте виза алуу борборун ачышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британияга Бишкекте виза борборун ачуу жана кыргызстандыктар үчүн эмгек квоталарынын санын көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин делегациясынын Улуу Британияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Анын катышуучулары бөлүнгөн эмгек квоталарын көбөйтүү зарылдыгын айтып, Бишкекте Улуу Британиянын виза берүү борборун ачууну сунушташты. Бул кыргызстандыктардын визасын алуусун жеңилдете турганын белгилешти.

Өз кезегинде британ тарап Кыргызстандан келген жумушчуларды ишке орноштуруу тартибине, социалдык чегерүүлөргө, медициналык камсыздандырууга жана алар тараптан укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга көңүл бурду.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Венгрия ишкерлер кеңешинин директору Назгүл Малабаева расмий жумушсуз кыргызстандыктар көбүнчө чет өлкөдө иштөөдө көйгөйлөргө туш болорун белгилеген. Бул үчүн ал Европа мамлекеттеринин элчиликтерин Кыргызстанда ачууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11050