Мамлекетке беш миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бажы кызматкерлери кармалды
RU

Мамлекетке беш миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бажы кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын "Түндүк-Чыгыш" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныкташты.

Маалыматка ылайык, Кытайдан "Н.О.Л." ЖЧК дарегине Volvo маркасындагы жүк ташуучу унаада байпактар келген. Унааны кароодо декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо базар баасы 21 131 084 сомду түзгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 756 006 сом.

"Факты катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп айтылатмаалыматта.

Бул боюнча Бажы жетекчилиги үн катып, тармакты абийирсиз кызматкерлерден тазалоо жана коррупцияга каршы күрөшүү иши аткарылып жатканынын жыйынтыгы деп билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамсыз ишти аныктоону УКМК Бажы кызматы менен биргеликте жүргүзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11056