Бишкекте көп кабаттуу үй салынып жаткандыктан бакчанын дубалы урап түшкөн (видео)
RU

Бишкекте көп кабаттуу үй салынып жаткандыктан бакчанын дубалы урап түшкөн (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-марттын 30-мартка караган түнү менчик балдар бакчасынын дубалы жана ашканын бир капталы урап түшкөн. Анткени анын түбүндө көп кабаттуу үй салынып жаткан болчу. Бул тууралуу Kaktus.media'га бакчанын ээси айтып берди.

"Ошол учурда бакчада эч ким жок болуп кудай сактады. Өрт чыкпаганы да жакшы болду. Ашканада эки газ плита, холодильниктер, азык-түлүк бар болчу. Бардыгы урандынын астында калды. Бул биз үчүн чоң чыгаша", - деди бакчанын ээси Назира Калыкова.

Калыкованын айтымында, буга чейин ал бардык инстанцияларга кайрылып, курулуш компаниясы балдар бакчасынын дубалынан 50 см аралыкта котлован казып баштаганын билдирген.

"Мындай курулуш иштерин жүргүзүү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин текшерүү үчүн Генералдык прокуратурага, Мамлекеттик техинспекцияга, милицияга, акимиатка жана башка органдарга кайрылгам, бирок эч кимден так жооп ала алган жокмун. Азыр деле протокол түзсүн деп милицияны күтүп жатканыбызга эки сааттан ашып кетти. Эч ким келе элек", - деди ал.

Ошондой эле Калыкова Progroup курулуш компаниясына да кайрылган, алар оозеки түрүндө уруксат документтери бар экенин айтышкан, бирок документтин өзүн көрсөтүүдөн баш тарытшкандыгын билдирди.

"Курулуш компаниянын өкүлү келип, бардыгын тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштады. Болор иш болду, мындан ары кандай тынчтык жолу болушу мүмкүн түшүнбөй турам", - дейт Калыкова.

Анын айтымында, котлованга башка коңшу үйлөр да арызданышкан, анткени алардын дубалдарында жарака кете баштаган.

Kaktus.media редакциясы курулуш компанияга комментарий алуу үчун кайрылган. Алар маалыматты кечирээк берүүнү убада кылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1105