Кыргызстан Россияга дос мамлекеттердин рейтингинде экинчи орунда турат
RU

Кыргызстан Россияга дос мамлекеттердин рейтингинде экинчи орунда турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Россияга дос мамлекеттердин рейтингинде экинчи орунда турат. Биринчи орунда учурда Белорусь мамлекети. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо Улуттук байланышты өнүктүрүү илимий-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Валентина Комлева билдирди.

Талдоо 2022-жылды камтып, аткаминерлердин сүйлөгөн сөздөрүн, ЖМКдагы басылмаларды, социалдык тармактарды, коомдук иш-чараларды жана башкаларды камтыйт.

"Эң жогорку бааларды билим берүү тармагындагы байланыш топтору алды. Атайын долбоордун алкагында 2023-жылы 150 орусиялык адисти Кыргызстандын мектептерине иштөөгө жөнөтүү пландалууда. Россия Федерациясы республикага тогуз калктуу пунктта орус тилинде окутуучу окуу жайларын курууга жардам берип жатат.Экономикалык байланыштын группасы боюнча да жогорку баалар бар. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жигердүү иштеп жатат. Ал 2022-жылдын сентябрына карата 3200дөн ашык долбоорду жактырды", - деди ал.

Талдоо тышкы саясий байланышта чыңалган учурлар да болгонун көрсөткөнүн айтып, бул негизинен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын курчушуна да байланыштуу экенин белгиленди.

"Россия Федерациясынын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча позициясы жана Тажикстан тараптан агрессия фактысын тааныбаганы - Кыргыз Республикасынын бийлигин канааттандырган жок. Эксперттердин баамында, бул ЖККУнун Кыргызстанда өтүүчү "Бузулбас боордоштук - 2022" машыгууларынын токтотулушуна таасирин тийгизген", - деп айтты Валентина Комлева.

Институттун директорунун орун басары ошондой эле Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Россия стратегиялык өнөктөш катары көрсөтүлгөнүн белгиледи.

"Кыргыз Республикасы Донбасста референдум өткөрүү, Украинага компенсация төлөп берүү жана башка маселелер боюнча Бириккен улуттук уюмунун Башкы ассамблеясында добуш берүүдө калыстыгын билдирди. Республика Россиянын атайын операциясына карата бейтарап позицияны карманат", - деп кошумчалады Комлева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11076