Эрулан Кокуловдун унаа айдап баратып, телефон менен сүйлөшкөн видеосу жарыяланды
RU

Эрулан Кокуловдун унаа айдап баратып, телефон менен сүйлөшкөн видеосу жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов унаа айдап баратып, телефон менен сүйлөшүп жаткан видеосу интернетке тарады.

Видео SAFARI TODAY баракчасына жарыяланып, "Кыргыз Республикасынын Контституциясында "мыйзам жана сот алдында баары бирдей" деп жазылган.

Интернет колдонуучулардын айрымдары депутатты жактап: "Маанилүү иштерди чечип жатат", "Айдоочулардын дээрлик 90 пайызы рулда баратканда сүйлөшөт" деген пикирлерин жазышты. Айрымдары сынга алышты.

Буга чейин депутат баш кийимин чечүүдөн баш тарткандыктан, аны "Промзона" клубуна киргизбей коюшкан. Бул анын укуктарын бузуу деп эсептеген. Натыйжада ал милицияга кайрылган. Ал Kaktus.media сайтына комментарий берип, бардык жерде мыйзамдардын аткарылышын талап кыларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11096