8-марттан бери мас айдоочулардын саны канчага азайганы айтылды
RU

8-марттан бери мас айдоочулардын саны канчага азайганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргенден бери жол эрежесин бузгандар азайганын маалымадады. Башкармалыктан билдиришкендей, 8-марттан баштап мас абалында унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайды.

Маалыматка ылайык, 16 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган.

Демек, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган. Анын себеби - мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарса унаасын токтотуп кою менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылат деген эрежеде.

Азыркы учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азаюуда дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11103