Акыйкатчы бийликти Сооронкулованын операциядан кийинки абалына көңүл бурууга чакырды
RU

Акыйкатчы бийликти Сооронкулованын операциядан кийинки абалына көңүл бурууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын ден соолугуна көңүл буруп, анын абалын жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Буга чейин КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери СИЗО-1де камакта жаткан КР Конституциялык палатасынын тергөөчү жана мурунку судьясы Клара Сооронкуловага барышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча убактылуу кармоочу жайга камалган Сооронкулова Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине камактагы шарттар боюнча арызданган.

"Медициналык операциядан кийин анын камакта болушу кыйын, анткени, азыр ал дааратканага да араң барып жатат, андыктан реабилитацияга муктаж", - дешти акыйкатчынын өкүлдөрү.

Сооронкулова операцияга карабай СИЗО-1де кармалып жатканына нааразы болгон.

Буга ылайык Атыр Абдрахматова тиешелүү мамлекеттик органдарды Сооронкулованын ден соолугунун абалына көңүл бурууга жана зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

Буга чейин жактоочу Чынара Жакупбекова Соронкулованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрадан арыз жазуу ниети бар экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11107