Клара Сооронкулованы операциядан кийин СИЗОго кайтарышты
RU

Клара Сооронкулованы операциядан кийин СИЗОго кайтарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-судья Клара Сооронкулова ооруканадан Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Белгиленгендей, Клара Сооронкуловага жакында эле оор операция жасалган.

"Ага дагы операция жасатуу керек болчу, бирок күтпөстөн ооруканадан алып кетишти. Анын абалы оор: отура да, тура албайт, дарыгерлердин катуу көзөмөлүндө болушу керек", - деди жактоочу.

Чынара Жакупбекова баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайра арыз менен кайрылууга ниеттенүүдө.

Белгилесек, Сооронкулова "бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган" деп айыпталууда.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10938