"Тазалыктын" экс-жетекчиси Сарпашев УКМКнын өтүнүчү менен үй камагына чыкты
RU

"Тазалыктын" экс-жетекчиси Сарпашев УКМКнын өтүнүчү менен үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашев кармалганын маалымдаган. Ал ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алганга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга шектелип жатканын коопсуздук комитеттен расмий билдиришкен.

Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунан Сарпашев УКМКнын өтүнүчү менен үй камагына чыкканын билдиришти.

Белгилүү болгондой, 24-мартта Биринчи Май сотунун тергөө судьясына УКМКнын тергөөчүсүнөн өтүнүч кат түшкөн. Анда Рыспек Сарпашевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү айтылган. Сот өтүнмөнү канааттандырып, Сарпашевди 9-апрелге чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11167