Жасалма диплом менен Талас мэриясында иштеп жаткан кызматкер кармалды
RU

Жасалма диплом менен Талас мэриясында иштеп жаткан кызматкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жасалма дипломду пайдаланган деген шек менен Талас шаардык мэриясынын кызматкери кармалды. Маалыматты УКМКдан билдиришти.

Белгиленгендей, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаардык мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. кармалды. Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталган.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11246