Жалал-Абад университетинин мурдагы деканы 12 миң долларга диплом жасаганга шектелди
RU

Жалал-Абад университетинин мурдагы деканы 12 миң долларга диплом жасаганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде чет элдик студенттер үчүн жасалма дипломдор жасалган. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турганда 12 миң доллар акчалай сыйлык үчүн Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды.

Бул факты боюнча 209-берене (Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш иши козголду.

Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11222