Бишкекте "Сөз эркиндиги" деген аллея ачылды
RU

Бишкекте "Сөз эркиндиги" деген аллея ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багында "Сөз эркиндиги символикалык аталыштагы аллея ачылып, көчөт отургузулду.

Экологиялык акцияга КыргызРеспубликасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донордук уюмдардын байланышчылары катышты.

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, иш-чаранын негизги максаты медиа чөйрөнүн өкүлдөрүн бириктирүү.

"Бүгүн биз символикалык мааниге ээ болгон "Ынтымак" сейил багында журналисттер, мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары жана эл аралык уюмдардын байланышчылары чогулуп отурабыз. Биздин негизги максат Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү жана жыргалчылыгы үчүн багытталган күч-аракеттерди бириктирүү, медиа чөйрөсүн өнүктүрүү жана сөз эркиндигин коргоо. Өлкөбүздү сөз эркиндигинен ажыратуу мүмкүн эмес, ал ар бирибизде бар. Бул демилге Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылды. Бул экологиялык көчөт отургузуу акциясы келечекте медиа чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн жыл сайын жакшы салтка айланат деген ишенимибизди билдиребиз", - деди Орунбеков.

Иш-чара президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан журналисттер менен байланышчыларды бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында уюштурулду дешет аппараттан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11292