Депутаттар үч эмдер үчүн сүйүнчүнү көбөйтүүнү сунушташты
RU

Депутаттар үч эмдер үчүн сүйүнчүнү көбөйтүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар үч эм же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө сүйүнчүнүн өлчөмүн көбөйтүүнү сунушташты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-апрелдеги жыйынында токтом долбоорунун демилгечилеринин бири Максатбек Сарбагышев учурда үч эм же андан көп бала төрөлгөндө сүйүнчү ар бир балага 50 миң сомдон төлөнүп жатканын эске салды.

"Үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон (Kaktus.media: болжол менен үч эм төрөлсө ар бир балага 166 000 сомдон) төлөп берүүнү сунуштап жатабыз. Азыр бир баланы камсыз кылуу кыйын. А эгер, үчөө же андан көп болсо андан да кыйын", - деп белгиледи депутат.

Анын айтымында, Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 11-12 үй-бүлөдө үч эм төрөлөт.

Эске салсак, азыркы мыйзамдарга ылайык, бир же эки бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" 4 миң сомду түзөт. Үч жана андан көп бала төрөлгөндө - ар бири үчүн 50 миң сомдон.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11313