Дастан Бекешев курулуш компаниялар боюнча: "Таарынбасын, бирок шылуундар көп"
RU

Дастан Бекешев курулуш компаниялар боюнча: "Таарынбасын, бирок шылуундар көп"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш компанияларга карата нааразычылык көп экенин айтып, шылуундар бар деди.

"Курулуш компаниялары таарынбасын, бирок бул тармакта шылуундар көп. Милдетин аткарышпайт, үйдү жакшы кура албай, эксплуатацияга бербей, жарандар жүдөп жатышат. Мына факты менен айтайынчы, KG Group`тун - 5-6 объекти бар. Бир объектти балдар бакчасы боло турган жерге курду. Жер тилкесин ижарага алды да, курулуш жүргүзүштү. Калган объекттер пайдаланууга бериле элек.

Башка "ТСТ Сервис Стройдун" эки бъектиси бар, эксплуатацияга берилген эмес. Мындан улам жарандар электр жарыгы үчүн өндүрүштүк тариф менен төлөм жүргүзүп жатышат. Лифти да жок.

"Оргтехстрой" - белгилүү компания, бир топ объекттери пайдаланууга бериле элек. Ошого карабай мектеп да курушкан, ал да турат. Себеби сапатсыз курулган. Башка компаниялар, мисалы жаңы Ак Үйдү куруп жаткан TS Group ("ЕС Групп") дагы бир оъектти эксплуатация кылган эмес. Ушундан улам жашоочулар электр жарыгы үчүн эселенген тарифти төлөп жатышат", - деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11371