Кара-Балтадагы жигиттин өлүмүнө шектүү Кыргызстандан качууга аракет кылды
RU

Кара-Балтадагы жигиттин өлүмүнө шектүү Кыргызстандан качууга аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында караоке-кафеде киши колдуу каза болгон жигиттин өлүмүнө шектүү кармылды. Ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган дешет Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

Окуя 4-апрелде болгон. Милиция кызматкерлерине саат 22:40 чамасында Кара-Балта шаарынын "Алладин" караоке-кафесинде 1996 жылы туулган Ж.Ж.И. аттуу жаран киши колдуу болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон даркее барышып, маалыматты тактоо менен кылмышка шектүү жаранды издөөгө алышкан.

Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А. уулу Б. кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" пунктунан кармалды. Ал Жайыл РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11373