Трамп айыбы угузулгандан кийин бошотулду (ал баарын четке какты)
RU

Трамп айыбы угузулгандан кийин бошотулду (ал баарын четке какты)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу Манхэттендин Кылмыш сотунда порнографиялык актриса Сторми Дэниэлске акча төлөп берүү боюнча ага каршы коюлган каржылык алдамчылык боюнча бардык айыптоолорду четке какты. Ага бардыгы болуп 34 факты боюнча айыптар коюлган. Бул тууралуу "Би-Би-Си орус кызматы"жазат.

Сотко келгенден кийин Трамп бийлик органдарына тапшырылып, расмий түрдө айып тагылганга чейин камакта калтырылган.

Жарым сааттан кийин Трамп отурум өтүп жаткан 15-кабаттагы сот залына көтөрүлдү. Болжол менен бир сааттан кийин ал сот имаратынан чыгып, Флоридадагы Мар-а-Лаго мүлкүнө барды, ал жерде өзүнүн тарапташтарына кайрылуу жасай турганы күтүлүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11374