Мурда күч түзүмүндө иштеген киши баңгизат менен кармалды
RU

Мурда күч түзүмүндө иштеген киши баңгизат менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Баңгызаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы күч түзүмүнүн мурдагы кызматкерин кармады. Ал баңгизатын сатууга аракет кылган деп шектелүүдө.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Таш-Көмүр шаарында гашишти сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган 1955-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды.

Контролдук таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 кг 935 гр түзгөн.

Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.

Ошондой эле баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган А.С. экени аныкталып, кармалды.

Бул факты боюнча 282-берене (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча амалдар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11395