Депутат Марат Аманкулов УКМКнын депозиттик эсебине 50 млн сом которду
RU

Депутат Марат Аманкулов УКМКнын депозиттик эсебине 50 млн сом которду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты М.Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду, ал эми, калган бөлүгүн, этап-этабы менен төлөй тургандыгы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз байыган жана салык төлөмдөрүн төлөгөн эмес деп шектелген болчу. Такталган маалымат боюнча, Аманкуловдун жакын туугандары кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринин иш жүзүндөгү көрсөткүчүнөн бир нече эсе ашыкча экендигин аныкталган.

Мыйзамсыз сатып алынган мүлктөрүн жашыруу максатында активдерин жакын туугандарына каттаган.

Марат Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгындагы Башкек шаардык кеңешинде жана Жогорку Кеңештеги кызмат абалынан жана саясий таасиринен пайдаланып, активдерин кыйла көбөйткөн деп шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1140