Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун болжолдуу баасы айтылды
RU

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун болжолдуу баасы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2014-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканда баасы 2,9 миллиард долларга бааланган. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде "Электр станциялары" ААКны өнүктүрүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Ибрагим Алиев билдирди.

Ал белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу совет доорунда эле пландалып келген - анда ГЭС республикадагы эң маанилүү ГЭСтердин бирине айланышы керек болчу.

"Камбар-Ата ГЭСинин баасы 2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатканда 2,9 миллиард долларды түзгөн", - деди ал.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетика тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү чечет.

"Мисалы азыр бизде электр энергиясын өндүрүү таңкыстыгы болуп, Борбор Азиядагы суу режимин жөнгө салууда көйгөйлөр бар. Ошол эле ГЭС суу аз болгон шартта да иштөөгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Ал кошумчалагандай, бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11411