Алтын кендин сууга түшүп кеткен жумушчусунун сөөгү муздун алдынан чыгарылды
RU

Алтын кендин сууга түшүп кеткен жумушчусунун сөөгү муздун алдынан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын жумушчусу 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен. Бүгүн, 7-апрелде жумушчунун жансыз денеси табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 31 жаштагы Ж.Анын сөөгү муздун алдынан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издеп-куткаруу иштерин аткарышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11428