Балдар ооруканасынан укол алып каза болгон жаран ТИМдин кызматкери экени аныкталды
RU

Балдар ооруканасынан укол алып каза болгон жаран ТИМдин кызматкери экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин орун басары Бахтияр Шакиров каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын Kaktus.media редакцисына берген маалыматына ылайык, Жал кичирайонундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 1-апрелге караган түнү антибиотик алып, каза болгон жаран ТИМдин кызматкери болчу.

Окуяга медиаэксперт Елена Баялинова да комментарий берди. "2-апрель күнү, каза болгон жарандын жакын туугандары мага телефон чалып, андан мурун ал COVID-19дан биринчилерден болуп Sinopfarm вакцинасын алган. Анткени Бахтияр Шакиров Москва шаарына квалификациясын жогорулатуучу курска жөнөп жаткан, ошондуктан өзүн коопсуздандыруу максатында эмдөө процедурасынан өтүүнү чечкен", - деп ал Facebook баракчасына жазды.

Бирок Ишенапысова бул маалыматты төгүндөдү. "Вакцинаны алгандардын тизмесинде ал жок болчу. Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлиги Шакиров балдар ооруканасында алган антибиотик боюнча иликтөөнү баштады. Биз Елена Баялинова менен байланышып, бул маалыматты кайдан алганын тактайбыз. Эмдөөчү пунктарга чыгып, вакциналардын санын эсептейбиз. Анткени мен жогоруда айткандай, бул адам эмдөө ала тургандардан катарында жок. Тымызын вакцина сайдырып алышы мүмкүн эмес", - деди ал.

Эске салсак, 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун реанимациясында адам каза болгон. Оорукана берген маалыматка ылайык, ошол түнү аларга 45 жаштагы эркек киши кайрылып, цефтриаксон уколун жасап берүүнү суранган. Бир аздан кийин реаниматологдорду чакыртып, реанимация бөлүмүнө алып барышкан, айрым маалыматтар боюнча ал кезде ал үзүлгөн болчу. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин чакыртып сөөктү моргго алып кетишкен.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, эркек киши тааныш медайымга кайрылып, ийне сайып берүүсүн суранган. Кайсы оорудан экенин белгисиз. Анда анафилактикалык шок болду деген божомолдоолор айтылууда. Так себебин экспертиза аныктайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1143