Саламаттыкты сактоо министрлиги: Балдар ооруканасында каза болгон жаран вакцина алган эмес
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Балдар ооруканасында каза болгон жаран вакцина алган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза болгон ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров вакцинациядан өткөндөрдүн реестринде катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алар берген маалыматка ылайык, эмдөө жасалып жаткан учурда вакцинацияланган жарандын персоналдык данныйлары маалымат системасына киргизилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертти, биринчи этапта вакцинаны медициналык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мугалимдер, жана социалдык кызматкерлер алышат. Дипломатиялык структуралардын кызматкерлери бул топко кирбейт.

Республикалык соттук-медициналык экспертизанын эксперттери билдиргендей, каза болгон жарандын денесин изилдеп, ийин тушта вакцинацияга мүнөздүү издер табылган эмес. Эксперттердин жыйынтыктоочу корутундусу 14 күндүн ичинде даяр болот.

"Такталбаган маалыматты таратып, коомчулуктун тынчын кетирбөөнү суранабыз", - деп Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Ведомство берген маалыматка ылайык, вакцина коронавирустук инфекциянын жайылып кетүүсүн төмөндөткөн негизги ыкмалардын бири болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1146