Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын ФИФАнын рейтингиндеги орду ылдыйлады
RU

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын ФИФАнын рейтингиндеги орду ылдыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингиндеги орду эки тепкичке төмөндөдү. Бул тууралуу Футбол ассоциацияларынын федерациясынын сайтында айтылат.

Учурда Кыргызстан рейтингдин 96-сабында турат. Андан кийин Армения менен Белорусь өлкөсү келе жатат. Өткөн жылдын декабрь айында "Ак шумкарлар" 94-орунда турган.

Белгиленгендей, Кыргызстандын курама командасы буга чейин рейтингде 75-орун, орточо көрсөткүч 145 менен эң мыкты позицияны ээлеген. Жалпысынан ФИФАда 211 команданы катталган.

Рейтингдин алдыңкы үчтүгүнө Бразилия, Аргентина жана Франция кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11461