Александр Крестинин кызматтан кеткенден кийин кайрылуу жасады
RU

Александр Крестинин кызматтан кеткенден кийин кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасады. Крестининдин кайрылуусу жазылган видеону Кыргызстандын футбол союзу жарыялады.

"Мага келечекке жол ачкан Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Кураманын оюнуна мындан ары ар дайым көз салып турам. Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Алга, Кыргызстан!

Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштешкенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк, ал аяктады. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Кыргыз футболунун келечегине жакшылыктарды каалайм. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдирем. Абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк, ар дайым бирге болдук. Биз дайыма футболго берилгенбиз. Биздин күйөрмандар эң мыкты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Баарына ийгилик, эч кандай жаракат болбосун", - деп айтылат Крестининдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 4-апрелде Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан расмий кеткени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11385