Түштүк магистралда жайылган жылкылардын ээсине эскертүү берилди
RU

Түштүк магистралда жайылган жылкылардын ээсине эскертүү берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул башкармалыгы Токомбаев көчөсүндөгү үйүр жылкынын ээсин таап, ага эскертүү берди. Бул туурасында аталган башкармалыктан кабарлашты.

Кайгуул кызматкерлери мал ээсин таап, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле протокол түзүштү дешет башкармалыктан.

Ал эми мал ээси Сүймөнкул Чокморов айылынын (мурдагы Чоң-Таш) тургуну. Ал жылкылар шаарга түшүп кеткенин, кийинкиде мындайга жол бербей турганын айтат.

Белгилесек, буга чейин Токомбаев көчөсүндө жылкылар жайылып, шаар тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Атүгүл жылкылар айдоочуларга да тоскоолдук жаратып, жолго чыгып алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11477