14 айылдык кеңеште депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды
RU

14 айылдык кеңеште депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. БШКдан билдиришкендей, шайлоо 14 айыл аймакта болду.

Жалпы шайлоочулардын тизмесине 72009 адам кирген. Анын ичинен 28088 адам шайлоо тилкелеринде добуш бериип, жалпы шайлоочулардын 39,01 пайызын түзөт. Ал эми электрондук добуш берүүгө 694 адам катышып, 82,52 пайызды түздү.

Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын депутаттарын шайлоодо пилоттук добуш берүү биринчи жолу болду.

Шайлоо участкаларында эң жогорку активдүүлүк Бакыян айылдык кеңешинде байкалып, шайлоочулардын жалпы санынын 62,57%ы добуш берген.

Шайлоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынан - шайлоочулардан, байкоочулардан, талапкерлерден - ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык топторго даттануулар жана кайрылуулар түшкөн жок.

9-апрелде өткөн айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык 20 календардык күндүн ичинде чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11480