Министрлик баланы мектепке каттоодо системада мүчүлүштүк болушу мүмкүндүгүн эскертет
RU

Министрлик баланы мектепке каттоодо системада мүчүлүштүк болушу мүмкүндүгүн эскертет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдарды мектепке электрондук каттоодо системада мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн дейт Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу.

Бул туурасында ал 10-апрелде өткөн маалымат жыйында билдирип, мурдагы жылдары да балдарды мектепке электрондук каттоодо көйгөйлөр жаралганын кошумчалады.

"Секундасына дээрлик 60 миң суроо-талап түшүп, серверге күч келди. Автоматтык пландагы бардык эле система мындай жүккө туруштук бере албайт. Ата-энелерге кабатыр болбой, түшүнүүнү суранам: 5, 10, 30 мүнөттөн кийин системага кирип, баланы каттоодон өткөрө алышат. Кесипкөй адистер системанын калыбына келишин тез арада камсыздайт. Келерки жылы биз системаны толугу менен карап чыгабыз. Балким, андай мүчүлүштүктөр болбойт деп кепилдик бере алабыз", - деди Шаршенбай уулу.

Ал белгилегендей, ата-энелердин жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык, биринчи этапта 65 миңге жакын бала 1-класска кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11481