Бишкекте статустуу мектептерге суроо-талап 2-3 эсе жогору
RU

Бишкекте статустуу мектептерге суроо-талап 2-3 эсе жогору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги статусу жогору мектептерде балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн реалдуу квота түзүлдү. Бул тууралуу 10-апрелде маалымат жыйынында борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Арстанбекова билдирди.

Анын айтымында, шаарда 104 мектеп болсо, анын 97синде каттоо автоматташтырылган система аркылуу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда №29, 26, 6, 13, 70 сыяктуу статустуу мектептерде квоталар көбөйтүлгөн.

"Статустуу мектептерге суроо-талап 2-3 эсе жогору, ошондуктан бул жерде реалдуу квоталарды коюуга аракет кылып жатабыз. Облустук билим берүү борборлору жана муниципалдык администрациялар менен биргеликте жогоруда аталган мектептер толуп калса, жакын жердеги мектепке толуктайбыз. Мисалы №14 мектеп №29 мектеп менен жакын жайгашкан. Былтыр мектеп 100% толгон", - деди Арстанбекова.

Анын айтымында, 2022/23-окуу жылында биринчилерден болуп №26 мектепке электрондук каттоо жабылган.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы Бишкек шаарында 8 миңден ашуун мугалим эмгектенерин билдирди. Орус тилинде окуткан физика, химия, биология, математика мугалимдери жетишсиз. Мугалимдер менен камсыз кылуу багытында билим берүү башкармалыгы түздөн-түз И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен кызматташат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11483