Акжол Махмудовду казак күйөрмандары көпкө коё беришкен жок (видео)
RU

Акжол Махмудовду казак күйөрмандары көпкө коё беришкен жок (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24 жаштагы кыргыз балбаны Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду.

Ал 9-апрелде алтын үчүн иран балбаны Амин Кавиянинеджад менен кез келмек. Бирок, ал жаракат алганына байланыштуу кыргыз балбаны автоматтык түрдө биринчини алды.

Килемден чыккандан кийин казак журналисттери Махмудовдон интервью алышты. Ал эми маек бүткөнчө балбандын күйөрмандары күтүп, сүрөткө түшүүгө ашыгышты.

Акжол Махмудовдун казак күйөрмандарынын арасында кары-жашы дагы бар. Алар балбанга каалоо-тилектерин айтып, куттуктап жатышты.

Эске салсак, учурда Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.

Чемпионат 14-апрелде жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11487