Депутат сабакка барбаган студенттерден кандай негизде акча алынарына кызыкты
RU

Депутат сабакка барбаган студенттерден кандай негизде акча алынарына кызыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эльвира Сурабалдиева сабакка барбаганы үчүн студенттерге айып пул салуу мыйзамдуубу деген суроо салды. Ал Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-апрелдеги жыйынында ЖОЖдор айып пулду кандай негизде коюп жатканын сурады.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова кеп акы төлөнүүчү иш тууралуу болуп жатканын айтты.

"Өкмөттүн өткөн жылы кабыл алынган акы төлөнүүчү эмгек өтөө убактысын киргизүү боюнча токтому бар. Студент себепсиз сабакка келбей калса, кассага акча төлөп, кошумча окуудан өтүшү керек. Эгер жүйөлүү себеп болсо, анда сессияга катышат", - деди ал.

Кудайбергенованын айтымында, кошумча сабактын акысы бир академиялык саат үчүн 114 сомду түзөт.

Сурабалдиева ректорго жана Билим берүү министрлигине бул маселени кайра карап чыгууну сунуштады, анткени студенттер буга нааразы.

"Бирок бул тартипке салат. Алар сабактан көп калбай башташты", - деп жооп берди медициналык академиянын жетекчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11517